АБД АР-РАШИД ХАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБД АР-РАШИД ХАН I Абу-л-Музаффар, А б д у р а ш и д хан (1509/10, Моголстан – 1559, Хотан) Моголстандын ханы (1533–1559). Чагатайлар тукумунан, Султан Саид хандын (1514–1533) уулу, Султан-Ахмад (Алача) хандын (1485–1504) небереси. Бала чагы Кашкар шаарында өтүп, атасы Султан Саид хан аны тарбиялоону «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар дуулатка тапшырган. 1521–1522-ж. Султан Саид хан эмирлеринин кеңеши менен Мырза Али Тагайды башкы эмирликке, Мухаммед Кыргызды кыргыздардын башчысы кылып дайындап, Моголстанга аттандырган. Натыйжада Мухаммед Кыргыз ал жердеги бардык кыргызды жыйнап, Моголстандын түндүгү баш ийдирилген. Көп узабай, шейбанид жана маңгыт урууларынын тынымсыз кол салышына байланыштуу, Кашкарга кайтууга мажбур болгон. 1523-ж. Аксу аймагынын (азыркы Кытай Эл Республикасында) акими болуп дайындалып, 1532-жылдары атасынын бир тууганы Эмин Кожо султандын көтөрүлүшүн баскан. Тибетке каршы жүрүштөн кайтып келе жаткан жолдо Султан Саид хан көз жуумп (9. 07. 1533), ошол эле жылы 23-июлда Жаркент шаарында Абд Ар-Рашид хандыкка көтөрүлгөн. Ал ички саясатында Мухаммед Кыргыз жана Мырза Али Тагай сыяктуу ж.б. эмирлерге таянып, атасына кызмат кылган дуулаттын айрым эмирлерин куугунтуктоого киришкен. Биринчилерден атасынын башкы кеңешчиси Саййид Мухаммед мырзанын (Мухаммед Хайдардын аталаш агасы) башы кесилип, кыргыздарга тиешелүү бардык маселе Мухаммед кыргызга, ал эми ордодогу бийлик толук бойдон Мырза Али Тагайдын колуна өткөн. Тышкы саясатында өзбек-казактарга каршы мурунку каршылашы өзбек-шейбаниддер (өзгөчө Бухара ханы Убайдуллах жана Ташкентти бийлеп турган Нооруз-Ахмед) менен союз түзгөн. Алар менен бирдикте 1537-ж. Келес суусунун жээгинде казактардын колун жеңип, Борбордук Моголстанды толук караткан. Бирок, кыргыз жана казактардын чабуулу токтогон эмес, хан жүрүшкө чыккан учурларда алар Иле дарыясынын чыгышы – Иртыш дарыясына чейин чегинип кетип, ылайыгы келгенде кайрадан кол салып турушкан. 1553-ж. борбору Аксу болгон Борбордук Моголстанды улуу баласы Абд ал-Латиф-султанга тапшырган. 1555/6-ж. ал Акназар хан башында турган кыргыз-казактар менен согуштун биринде курман болуп, анын өчүн алуу үчүн Абд ар-Рашид-хан өзбектердин ханы Нооруз-Ахмеддин жардамы менен Ысык-Көлдүн айланасындагы кыргыздарды катуу чапкан. Кыргыздар ага карабай моголдорго каршы күрөшүн уланта берген. Мырза Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» аттуу белгилүү эмгеги дал ушул Абд ар-Рашид-хан I-ге арналган. Абд ар-Рашид-хан I өлгөндө (1559), анын ордун экинчи уулу Абд ал-Керим алып, бир туугандары Курайш-султанга Котонду, Мухаммед-султанга Аксуну, Кашкар менен Жаңы-Гиссарды Сопу-султанга берген. Натыйжада Моголстан ыдырай баштаган.

Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. /Пер. с перс. Таш., 1996; Караев О. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Образование кыргызского народа. Б., 1995; Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья, Соч., т. II, ч. 1, М., 1963; Акимушкин О.Ф. К вопросу о внешнеполитических связях Могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI в. – 60-х годах XVIII в. /"Палестинский сборник", 1970, вып. 21, (84).