АУДИТ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. auditus ‒ угуу) ‒ субъекттердин чарба жүргүзүүдөгү финансылык эсеп-кысабынын аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан көз каранды эмес экспертизасы жана анализи. А. тышкы (көзкарандысыз), чарбалык субъект тин каалоосу, койгон шарттары б-ча түзүлгөн ички (ведомстволук), милдеттүү (мыйзамда алдын ала каралган учурларда жүргүзүлүүчү) жана демилгелүү (чарбалык субъекттердин же менчик ээсинин чечими б-ча түзүлгөн) болушу мүмкүн.