АК-ӨЛӨҢ
Jump to navigation
Jump to search
АК-ӨЛӨҢ – Ысык‑Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көк‑Мойнок айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 90 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 21 км. Деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жайгашкан. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 1910 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, дарыкана, бейтапкана, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта манасчы Саякбай Каралаев, Социалисттик Эмгектин Баатыры Ө. Тулөбердиев туулган.