БАЖАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАЖАН Микола (Николай Платонович) [26.9 (9.10). 1904, Каменец-Подольск ш. ‒ 23. 11. 1983, Киев] ‒ украин акыны. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974), УССР ИАсынын академиги (1951). Киев институтунда (1923‒25) окуган. 1943‒48-жылдары УССР Министрлер Советинин Председателинин орун басары. Чыг-лык иши 1923-жылдан башталган. 1926-жылы граждандык согуш темасында жазылган «17-патруль» аттуу биринчи китеби чыккан. «Гофмандын түнү», «Гетто Уманда» (1926), «Сокурлар» (1933) аттуу поэмалары бар. «Өчпөс өмүр» (1937) поэмасында С. М. Кировдун образын түзгөн. «Аталар жана балдар» (1938) деген ырлар жыйнагында адамдардын эмгектеги жана Мекенди коргоодогу эрдигин даӊазалаган. Улуу Ата Мекендик согуш күндөрүндө жазган «Ант» (1941) деген ыры украин элинин гимнине айланган. «Даниил Галицкий» аттуу тарыхый поэмасынын, тынчтык үчүн күрөшкө чакырган «Англиялык таасирлер» (1949), «Үмүт жөнүндө төрт аӊгеме» (1967), «Дебора» (1968) китептеринин автору. СССР Жогорку Советинин 4-шайланышынын депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946, 1949). Ленин, Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.