БАБАК Валентин Федорович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:43, 13 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБАК Валентин Федорович (1937-жылы туулган, Украина, Киев облусу, Смелы шаары) ‒ техника илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). ФПИни (1961), Москва станок-инструменталдык институтунун аспирантурасын (1969) бүтүргөн. ФПИнин механика факультетинде доцент, метрология жана стандартизация кафедрасынын башчысы (1973‒92), И. Раззаков атындагы КУТУнун «Машина куруу технологиясы» кафедрасында доцент, экономикадагы инженердик системалар кафедрасынын башчысы (1995-жылдан). Машина куруу объектилерин автоматтык долбоорлоо системасын иштеп чыгуу боюнча адис. 120дан ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 4 монографиясы, 6 окуу китеби жарык көргөн.