АТ ҮЙРӨТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ азоо жылкыны минүүгө жана күч унаа катары пайдаланууга даярдоо. Күч унаа катары пайдалануучу жылкы тай кезинен адегенде нокто, жүгөн катууга, ооздуктоого, тердик салууга, жетекке, арабанын артына байлап ээрчитүүгө, кийин каамыт салууга көнүктүрүлөт. Андан кийин алар жеӊил арабага чегилип, акырындык менен жүк тартууга үйрөтүлөт. Таскакчыл асыл тукум минги жана ат спортуна пайдаланылуучу жылкылар кунан кезинен жүгөн катууга, ээр токууга , атмайданында катуу чуркоого көнүктүрүлөт . Ат спортунун көп түрүнө, манежде жүрүүгө үйрөтүлөт.