АВАР ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВАР ТИЛИ – Дагестан, Түндүк Осетия жана Азербайжанда жашаган аварлардын тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин дагестан тобуна кирет. Авар тили түштүк жана түндүк диалектиге бөлүнөт. Адабий тили түштүк наречиенин негизинде калыптанып, 1928-жылы латын графикасындагы алфавити кабыл алынган. Жазмасы 1938-жылдан орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. Авар тили - андий, цэз элдеринин жана арчиндердин улут аралык катнаш жана мектепте окутуунун тили болуп саналат. Бул тилде 800 миңден ашык адам сүйлөйт. 20-кылымдын 30-жылдарында авар тилинин өнүгүшүнө Дагестан акыны Гамзат Цадаса олуттуу салым кошкон.