АЭРОБУС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЭРОБУС, (аэро ... жана автобус ) ‒ жүргүнчүлөрдү ташуучу өтө жайлуу самолёт; Батыш Европадагы самолёт куруучу «Эрбас индастри» консорциуму чыгарган самолёттордун патенттелген аталышы. Алгачкы Аэробус (А300) 1972-жылы биринчи учурулган. Аэробустун 21-кылымдагы А380 модели 840 жүргүнчүгө эсептелип, алыска учат. Б. Н. Юрьев

АЭРОБУС83.png

дин (1911) иштеринде «Аэробус» термини көп жүргүнчүнү көтөрүүгө жөндөмдүү а э р о п л а н деп биринчи болуп эске алынган. Ошол учурда көп орундуу самолёт жок болгондуктан «Аэробус» термини кеӊири таралган эмес. Көп орундуу кеӊ фюзеляждуу Ил-86 жана Ил-96 самолёттору 1972-жылдан Аэробус деп аталат.