АХМАТОВА Анна Андреевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АХМАТОВА Анна Андреевна (өз фамилиясы ‒ Горенко) [11(23). 6.1889-жыл, Одессага жакын Чоң Фонтан району ‒ 5. 3.1966-жыл, Домодедово, сөөгү Ленинград облусунун Комарово айылына коюлган) ‒ орус акыны. Балалык чагы Царское кыштагында өткөн. Киев шаарындагы гимназияда (1907), ошол эле жерден аялдардын жогорку курсунун юридикалык бөлүмүндө (1908‒1910) окуган. Бала чагында эле ыр жазган. Анын алгачкы чыгармачылыгы акмеизм менен байланыштуу. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда патриоттук ырларын («Ант», «Баатырдык» жана башкалар) жазган. «Тынчтыкка даӊк» ырлар цикли (1950), «Каармансыз поэма» (1940‒1962) жарыяланган. «Мезгил агымы» жыйнагы (1965) үчүн Италиянын Энта-Таормин адабий сыйлыгы берилген. А. Ахматованын ырлары англис, немец, француз, италия, япон, поляк, чех жана башка тилдерге которулган. Анын поэзиясына күчтүү психологизм, тарыхка көбүрөөк көӊүл буруу, классикалык поэзиянын үлгүсүндө жазуу мүнөздүү. «Мезгил агымы» аттуу автобиографиялык жыйнагына (1909‒1965) анын акындык талантын көрсөткөн негизги ырлары топтолгон.