АФАНАСЬЕВ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АФАНАСЬЕВ МАДАНИЯТЫ‒ б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын башында Түштүк Сибирдин Минусин ойдуӊунда, жогорку Енисейде жана Алтайда таралган археологиялык маданият. Енисей дарыясынын жээгиндеги Афанасий тоосунун жанындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган (1920). Көрүстөндөрдүн тегереги бир катар тизилген таш менен курчалган.

Афанасьев маданиятынын карапалары.

Сөөк бүрүштүрүлүп коюлуп, анын жанынан карагайдын бүчүрүнө окшош оймо-чиймеси бар, жумуртка формасындагы кырдуу карапа идиштер да табылган. Түбү жумуру идиштер акырындап, түбү жалпак идиштер менен алмашылганы байкалат. Социалдык түзүлүшү боюнча аталык доорго туура келет. Оттук таштан жасалган жебелердин учтары, таш токмоктор кезигет. Көрүстөндөрдөн Аму-Дарыясынан кезигүүчү мончокко окшогон үлүлдөрдүн кабыгы да табылган. Бул сибирдик энеолит адамдарынын орто азиялыктар менен болгон байланышын күбөлөндүрөт. Үй жаныбарларынын сөөктөрү жапайы айбандардын сөөктөрүнө караганда көптүк кылат. Чарбасы негизинен малчылык болуп, уй, кой жана жылкы өстүрүшкөн. Төбөсү устун менен жабылган, жер үйлөрдөн турган турак жайлары болгон. Бычактар, шакектер, ийнелер, балталар, эгин оруучу ороктор жана жез канжарлар табылган. Жез буюмдарынын бардыгы металлды муздак согуу жолу менен жасалган. Ушул өӊдүү табылгалар кийин Синьцзяндан да табылган.