АТЫРАУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЫРАУ ‒ Казакстандын батышындагы шаар. Атырау облусунун администрациялык борбору. Калкы 217,3 миӊ (2013). Урал дарыясынын боюнда жайгашкан. 1640-жылы Яик дарыясынын (1775-жылдан Урал) чатында негизделген. Казактар «Уйшiк», орустар ‒ Төмөнкү Яик таш шаарчасы деп аташкан. 1734-жылы Гурьев деп аталган. 1810-жылы чеп жоюлган. 1868-жылы Россия империясынын Урал облусундагы, 1924‒28-жылы Урал губерниясындагы (РСФСРдын курамындагы Кыргыз, 1925-жылдан Казак АССРиндеги) шаар. 1928‒30-жылдары Гурьев округунун, 1932‒38-жылдары Батыш Казакстан облусунун, 1938-жылдын 15-январынан Гурьев облусунун администрация борбору; 1992-жылдан Атырау. Университет, нефть жана газ институту, Казак драма театры (1938-жылдан) бар. Заводдору: нефть ажыратуу, химиялык (полимер материалдар өндүрүшү), курулуш материалдар, тамак-аш (анын ичинде балык иштетүү жана көбөйтүү).