АТОМДУК НОМЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТОМДУК НОМЕР, к а т а р н о м е р ‒ элементтердин мезгилдик системасындагы химиялык элементтердин катар номери. Атомдук номер атом ядросунун протондорунун санына, ал өз кезегинде нейтралдуу атомдун электрондук санына барабар. Ал атомдун физикалык жана химиялык касиеттерин аныктайт. Д. И. Менделеевдин мезгилдик законунун азыркы кездеги аныктамасына ылайык элементтердин жана анын бирикмелеринин касиеттери алардын атомдорунун заряддарына (катар номерине) мезгилдүү көз каранды.