АТРИБУТ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. attribuo ‒ берем, күч берем, маани берем) ‒ 1) нерселердин же кубулуштар дын ажырабас негизги зарыл касиети ж-а белгиси. Буларсыз нерсе ошол нерсе болуудан, кубулуш ошол кубулуш болуудан калат (мис., материянын А-у ‒ кыймыл); 2) сүрөт өнөрүндө каармандын, Кудайдын өзгөчө касиетин зат аркылуу көрсөтүү. А. мифологиялык ж-а диний темаларда жазылган чыгармаларда көбүрөөк кездешет (мис., Нептун дайыма үч тиштүү найза м-н, Ыйык Цецилия орган м-н сүрөттөлөт). Мындай чыгармалардын сюжетин аныктоодо А. көп учурда негизги каражаттардын бири болгон; 3) грамматикада ‒ аныктооч .