АТЛЕТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЛЕТИКА (гр.athlзtikоs ‒ жарыш, мелдеш) ‒ 1) цирк искусствосунун бир түрү. 19-кылымдын башталышында цирк оюндары адаттан тыш дене күчүн жана шамдагайлыкты көрсөтүүчү номерлерди аткара баштаган. Белгилүү атлеттердин ичинде: И. М. Поддубный, И. М. Заикин, Е. Сандов, И. Графль, В. Моор-Знаменский, Н. Вахтуров, ага-ини И. И. жана анын ичинде Нелипович, Г. И. Новак, В. И. Дикуль бар; 2) күчтүүлүккө, чыдамкайлыкка, тездикке, шамдагайлыкка тарбиялоочу түрдүү дене күч көнүгүүлөрүнүн топтому. Түрлөрү: жеӊил атлетика ‒ чуркоо, жөө жүрүш, секирүү жана ыргытуу; оор атлетика ‒ оордукту (штангалар) мелдешип көтөрүүчү спорт түрү.