АТЛАХ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЛАХ--Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-кылымдардагы Тараз шаарына (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. Махмуд Кашгари да Атлахты Тараз шаарынын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-Мукаддасинин жана аль-Истахринин (10-кылым) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп менен курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу жана бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири боюнча Жоон-Дөбө шаар калдыгы Атлах шаарынын орду болушу мүмкүн. Атлах шаары кытай аскерлери менен араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы 751-жылы салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, к. Атлах салгылашуусу.

                                                                                                          С. Өмүрзаков.