АТЛАНТИКА ОКЕАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЛАНТИКА ОКЕАНЫ (аты байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп ‒ Атлантка карата коюлган) ‒ чоӊдугу жагынан жер жүзүндөгү (Тынч океандан кийин) 2-океан. Чыгышынан Европа жана Африка, батышынан Түндүк жана Түштүк Америка, Түштүгүнөн Антарктика менен чектешет. Аянты деӊиздери менен кошо (аралдарды кошпогондо) 91,6 млн км2, орточо тереӊдиги 3600 м, эӊ тереӊ жери 8742 м (Пуэрто-Рико кобулу), суусунун көлөмү 329,7 млн км3.
Ж э э к т е р и. Түндүк жарым шарда жээктери өтө булуӊ-буйткалуу. Мында Атлантика океанынын бардык деӊиздери (Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Кара, Кариб ж. б.) жана ири булуӊдары (Бискайя, Гвинея ж. б.) жайгашкан. Атлантика океанынын маанилүү өзгөчөлүгү ‒ жер ортолук деӊиздердин (батышында Мексика булуӊу менен Кариб деӊизи, чыгышында Жер Ортолук деӊиз) кургактыкка миӊдеген км кирип турушунда. Түштүк жарым шардагы жээктеринде булуӊ-буйтка (деӊиздери: Уэдделл, Скотия, Лазарев) аз.
А р а л д а р ы. Негизинен материктен бөлүнүп калган аралдар басымдуу: Британ, Ньюфаундленд, Чоӊ жана Кичи Антил, Канария, Жашыл Тумшук аралдары, Фолкленд (Мальвин). Жанар тоо аралдары (Азор, Тристан-да-Кунья, Ыйык Елена ж. б.) менен коралл (шуру) аралдары. (Багама аралы ж. б.) чектелүү гана аянтты ээлейт. Аралдарынын жалпы аянты 1070 миӊ км2.
О к е а н т ү б ү н ү н р е л ь е ф и. Атлантика океанынын жээктерин бойлой кууш тилкени түзүп (Аргентина менен Түндүк Американын жээгин ондогон км, Түндүк деӊиздин жээгинде жүздөгөн кмге чейин) материктик тайыздык (шельф) созулуп жатат. Анын сырткы чети негизинен 100 мден 500 мге чейинки тереӊдикте жайгашкан. Материктин капталдары тик, суу астындагы каньондор менен тилмеленген. Атлантика океанын түндүктөн түштүктү карай жээкке жарыш суу астындагы Атлантика Ортолук кырка тоосу кесип өтөт. Океан бетинен кырка тоонун чокусуна чейинки тереӊдик 3000 мдей. Атлантика Ортолук кырка тоонун батыш жана чыгыш тараптарында суу астындагы платолор (Бермуда, Риу-Гранди), кырка тоолор (Түштүк Антил ж. б.) жана дөӊсөөлөр

Лабрадор , Түндүк Африка, Гвиана, Бразилия, Кап, Африка-Антарктика ж. б. ири чуӊкурдуктарды (орточо тереӊдиги 3000 мден 7300 мге чейин) бөлүп турат.
О к е а н т ү б ү н д ө г ү ч ө к м ө л ө р. Терриген чөкмөлөрү (шагыл таштан эӊ майда чопо же пелит бүртүрчөлөрүнө чейинки) шельф, материктик каптал жана материк этегинде таралып, АКШ, Түндүк Бразилия, Аргентина, Антарктиданын жээктерин кеӊири тилке түрүндө курчап турат. Атлантика океанында акиташ тектүү органоген чөкмөлөрү (негизинен фораминифер же глобигерин баткактары) көп таралып, Исландиядан (түндүктө) 57‒58° түштүк кеӊдикке чейин океан түбүнүн 67,5%ин ээлейт. Бардык чуӊкурдуктардын таманын кызыл чопо жаап жатат. Кен байлыктары: нефть, газ, темир-марганец конкрециясы ж. б.
К л и м а т ы. Атлантика океаны бардык климаттык алкактарда ‒ экватордук климаттан субарктикалык (түндүктө) жана антарктикалык климатка (түштүктө) чейинки алкактарда жайгашкан. Атлантика океанынын үстүндө атмосфералык басымдын төрт борбору жайгашкан: Исландия жана Антарктика минимумдары, Түндүк Атлантика жана Түштүк Атлантика максимумдары. Алар башка жактагы атмосфералык басым менен өз ара аракетке келип, мелүүн алкакта батыштан соккон катуу шамалды, субтропик жана тропик алкактарында түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыштан соккон шамалдарды (пассатты) пайда кылат. Түштүк жарым шардын мелүүн алкагына өтө катуу шамал, түндүк тропиктик кеӊдиктерге вест-индия ураганы деп аталган тропик шамалы мүнөздүү.
Г и д р о л о г и я л ы к р е ж и м и. Атмосфералык циркуляциясынын таасиринен Атлантика океанындагы үстүнкү агымы субтропик жана тропик кеӊдиктеринде антициклондук, түндүк мелүүн жана түштүк жогорку кеӊдиктерде циклон айлампаларын пайда кылат. Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнүн мүнөздүү белгилери ‒ Гольфстрим деп аталган жылуу агымдар системасы. Түндүк антициклондук айлампанын батыш жана түндүк чет жакаларын Гольфстрим жана анын уландысы ‒ Түндүк Атлантика агымы, чыгыш четин Канар муздак агымы, түштүк четин Түндүк Пассат жылуу агымы түзөт. Түндүк циклондук айлампа Түндүк Атлантика жана Ирмингер жылуу, Лабрадор муздак агымдарынын таасиринен болот. Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндө антициклондук айлампа Түштүк Пассат жана Бразилия жылуу, Батыш Шамал жана Бенгал муздак агымдарынан пайда болот. Океан суусунун бетиндеги температура кышкысын февралда (Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндөгү температура августта): 28°Сден (экватордо) 6°Сге (60° түндүк кеӊдикте) жана ‒1°Сге (60° түштүк кеӊдикте) чейин; жайкысын августта (түштүк бөлүгүндө февралда): 26°Сден (экватордо) 10°Сге (60° түндүк кеӊдикте) жана 0°Сге (60° түштүк кеӊдикте) чейин. Туздуулугу 34,0‒37,3‰. Суунун эӊ тыгыздыгы түндүк-чыгышында жана түштүгүндө 1027 кг/м3; экваторго карай суунун тыгыздыгы 1022,5 кг/м3ге чейин азаят. Көбүнчө суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 18 мге чейин, Фанди булуӊунда); айрым жеринде 0,5‒2,2 м.
М у з д а р ы. Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндө муз мелүүн алкактагы ички деӊиздерде гана (Балтика, Түндүк жана Азов, Ыйык Лаврентий булуӊу) тоӊот. Океандын кургактыктан алыс бөлүгүнө муз жана айсбергдер Түндүк Муз океанынан (Гренландия жана Баффин деӊиздеринен) келет. Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндө муз жана айсберг Антарктиданын жээгинде жана Уэдделл деӊизинде пайда болгон.
Ө с ү м д ү к т ө р ү жана ж а н ы б а р л а р ы. Атлантика океанында өсүмдүк жана жаныбарлардын 200 миӊ түрү бар. Планктондун кыйла массасын рак сымалдар ‒ амфипод жана эуфаузинддер түзөт. Эуфаузинддердин ичинен криль ‒ муруттуу киттин (Антарктиданын жээктеринде көп кездешет) негизги азыгы. Балыктын 15 миӊден ашуун, кит менен калак буттуулардын 100дөй түрү бар. Атлантика океанынын тропиктик бөлүгүнүн өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү ар түрдүү, бирок сан жагынан (бир түрдөгү өсүмдүк жана жаныбарлардын саны) мелүүн жана суук зоналардагыдан аз. Тропик алкагында океан түбүндөгү өсүмдүктөр негизинен жашыл жана кызыл балырлардан турат. Тропиктен тышкаркы түн. бөлүгүндө күрөӊ балырлар басымдуу, океан түбүнүн жумшак жерлеринде гүлдүү өсүмдүк ‒ зостера өсөт. Тропиктен тышкары түштүк бөлүгүнүн литоралында кызыл, сублиторалында күрөӊ балырлар басымдуу. Атлантика океанына өтө мүнөздүү жаныбарлар: тропик алкагында –

АТЛАНТИКА ОКЕАНЫ31.png

радиолярия, сифонофор, медуза, краб, учуучу балык, акула, деӊиз таш бакасы, кашалот; мелүүн жана суук алкактарда ‒ калак буттуу рак сымалдар жана канат буттуу моллюска, сельдь, треска жана камбала балыктары, кит, жаргак буттуулар ж. б. Деӊиз канаттуулары сейрек кездешет. Антарктикада фрегат, альбатрос, пингвиндер ж. б.
Д е ӊ и з п р о м ы с е л и. Дүйнөдө кармалган балыктын 2/5си Атлантика океанына туура келет. Промыселдик мааниси бар балыктын негизги түрлөрү: сельдь, деӊиз окуну, мерлуза, тунец, треска. Балык кармалчу негизги аймактары ‒ Түндүк деӊиздеги Доггер-банкасы, Ньюфаундленд аралынын жээгиндеги Чоӊ Ньюфаундленд банкасы. Жалпы балык кармоодо омурткасыздар (устрица, мидия, кальмар) менен рак сымалдар (омар, краб) да кыйла мааниге ээ. Мексика булуӊу менен Кариб деӊизинин, Түндүк деӊизи менен Бискайя булуӊунун, Жер Ортолук деӊиздин шельфтеринен нефть, Мексика булуӊунан күкүрт, Консепшен булуӊунун жана Ньюфаундленд аралынын чыгыш жээктеринен темир рудасы (Уобана темир кени ‒ дүйнөдөгү эӊ ири кен), марганец (АКШ, Канада, Финляндия), Бразилия, АКШ жээктеринен ильменит, циркон, рутил, Африканын түштүк-батышынан алмаз казылып алынат.

К е м е к а т н а ш ы. Дүйнөдө кеме менен ташылган жүктүн 2/3си Атлантика океаны аркылуу өтөт. Эӊ ири (ташылган жүктүн өлчөмү боюнча) порттору: Роттердам, Антверпен, Лондон, Нью-Йорк, Гамбург, Генуя, Марсель, Буэнос-Айрес, Кейптаун, Дакар, Санкт-Петербург, Рига, Одесса ‒ Ильичёвск, Новороссийск. Нефть ташуучу ири порттору: Бежаия (Алжир), Марса-эль-Бурейка (Ливия). Ошондой эле к. Дүйнөлүк океан.
Ад.: Харитонов Д. Г. Гидрометеорологическая характеристика северной части Атлантического океана. М. ‒ Л., 1948; Леонтьев О. К. Дно океана. М., 1968; Атлас океанов. Атлантический и Индийский океаны. М., 1978; Физическая география материков и океанов. М., 1988.

К. Жумашев.