БАЗАЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАЗАЛЬТ [латынча basaltes, грекче basanos ‒ сыналуучу таш, эфиопиялыкча basal ‒ тамырлуу таш] ‒ агылып чыккан жанар тоо теги. Эффузив тоо тектеринен жер бетине эӊ эле көп таралганы (алардын ичинен базальт сапаты боюнча кургактыкта 40%, океан таманынын 90%ин ээлейт). Курамынын негизги бөлүгү плагиоклаздан (лабрадор, битовнит же анортит), авгиттен жана оливинден турат. Адатта кошумча иретинде пироксен, магнетит, ильменит ж. б. кездешет. Тоо тек, кээде тыгыз же абдан майда бүртүкчөлүү массадан, кээде оливин, негизги плагиоклаз жана базальттык роговой обманкалуу авгиттин порфирдик бөлүкчөлөрүнөн турат. Базальт Жерде гана эмес, жер тобуна тиешелүү планеталарда, Айда эӊ кеӊири таралган тектерден болуп эсептелет. Алардын кеӊири таралган түрү ‒ толлеит базальттары нормалдуу же начар жегичтиги менен башка жегичтик жана кремнийге кедей базальттардан айырмаланып, океандардагы дээрлик бардык аралдарда, суу алдындагы жанар тоо курулмаларында, материктердеги платформалар менен рифтерде таралышы мүнөздүү. Базальттарда жез, никель, платина ж. б. кендери учурайт. Базальт ‒ эӊ жакшы курулуш материалы.