БАДИГИН Михаил Петрович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДИГИН Михаил Петрович (21. 10. 1923, Ульяновск облусу, Новоспасский району, Суруловка кышагы ‒ 5. 1. 2000, Россия, Зеленоград) ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. 1942-ж. Советтик Армияга Ош облусунун Кара-Суу районунан чакырылган. 1942‒45-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, фронтто артиллерист болгон. 1944-ж. Магрушев плацдармы үчүн салгылашуудагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даӊк ордени, 1945-ж. душмандын Берлинге кире беришинде коргонуусун бузуп өткөндөгү каармандыгы

БАДИГИН108.png

үчүн 2-даражадагы Даӊк ордени, Берлин үчүн салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн 1-даражадагы Даӊк орденинин ээси болгон. Согуштан кийин партиянын Ош обкомунда инструктор болуп иштеген. 1993-жылдан Зеленоград шаарында жашаган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ош шаарында анын бюсту тургузулган. «Бой требует подвига». Москва, 1980. китебинин автору.