БАДАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАДАМ (Amugdalus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусу, дарак же чала бадал. Бийиктиги 8‒10 м. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү ак же күлгүн, жалбырак байлаганча же аны менен чогуу ачылат. Бадам түктүү жана түксүз болот. Мөмөсү ‒ данекче. Кургакчылыкка чыдамдуу. Эрте гүлдөгөндүктөн жазгы суукта үшүп кетиши мүмкүн. Отургузгандан 3‒4 жылдан кийин мөмө берет. 50дөн ашык түрү бар. Кыргызстандын түштүгүндө Лейлек, Сузак жана Ноокен райондорунда өстүрүлөт. Кадимки Бобовник, Петунникова сорттору көп тикендүү, Бухара түрлөрү өтө кеӊири таралган.Данеги кондитер ишинде, эфир майын алууда ж. б. пайдаланылат. Анын кээ бир түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.