АҢЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АҢЫР, к ы з ы л ө р д ө к – каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун өкүлү. Узундугу 60 смге жакын. Тулку бою куйкул сары түстө, канаттары ак, кара, узун, куйругу да кара. Түштүк Европа, Түндүк Африка жана Азияда тузсуз жана туздуу көлмө жээгинде, Орто Азияда 4500 мге чейинки бийик тоолордо таралган. Кыргызстанда уясын суудан алыс аскаларга, суур, кашкулак, түлкү ийиндерине салат. Уяга 8-12 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат. Өсүмдүк, жаныбар, ошондой эле тарпты да жейт. Күзүндө анча чоң эмес топ түзүп, Түштүк Азияга кыштоого учуп кетет.