АЭРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:41, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОНОМИЯ, (аэро… жана гр. nomos ‒ закон) ‒ Күндүн (жылдыздардын) нурлануусунун таасири астында атмосфера физикасынын газ молекулаларынын сейрек жайгашкан чөйрөсүндө жүрүүчү физикалык жана химиялык кубулуштарды изилдөөчү тармагы. Ал негизинен атмосфералык температураны, тыгыздыктын бөлүнүшүн, ионосферадагы электрондордун топтолуш профилин, уюлдук жаркыроо, жердин радиациялык курчоолорун (поястары) ж. б. изилдейт. Атмосферадагы Күн энергиясынын өзгөрүү процесси, магнитосферадан чыккан бөлүкчөлөрдүн агымы жана космостук нурлар Жер климатын түзүүдө чоӊ роль ойнойт. Аэрономия 1950-жылдын башында негизделген. Анын негиздөөчүлөрү ‒ Жердин үстүнкү атмосферасын изилдегендер англиялык Д. Р. Бейтс жана бельгиялык М. Николе болгон. Аэрономиянын милдети ‒ аталган маселелерди изилдөө менен бирге алардын себептерин түшүндүрүү. Аэрономия эсептерин чыгаруу үчүн математикалык ыкмалар, жөнөкөй процесстердеги жутулуу жана нурлануунун өзгөрүшү колдонулат.