АТАВИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТАВИЗМ (лат. atavus ‒ теги) ‒ белгилүү бир түрдүн организминде эволюция процессинде алыскы тегинин белгилеринин пайда болушу, мисалы, жылкынын үч манжалуулугу, кошумча сүт бездери (полимастия), куйруктуу адам, киши денесинин жүн менен капталышы (гипертрихоз). Организм онтогенезинде Атавизмдин пайда болушу түрдүн эволюциясында ушул гендин (морфогенездик системанын) сакталып калышы менен түшүндүрүлөт. Эгер организм туура өөрчүсө бул гендин аракети башка репрессор ген менен басылып турат. Качан репрессор ген бөгөт болуу жөндөмдүүлүгүн жоготкондо Атавизм пайда болот.