АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эӊилчек кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында, Эӊилчек жана Кайыӊды өрөөндөрүнүн аралыгында. 1961-жылы табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери жана аларды жиреп чыккан пермдин интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделген мрамор менен роговикке айланган. Кенташ (руда) негизинен интрузиянын экзо- жана эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоо тектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын узундугу 40‒140 м, калыӊдыгы 1,8‒3,8 м. Минералдык курамы боюнча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит, вольфрамит, халькопирит ж. б. Кенташтагы калайдын орточо өлчөмү 0,5‒1,5%. Андан башка флюорит ‒ 52,5%, күмүш ‒ 18,5 г/т, висмут ‒ 0,026% кездешет. Кенташтын эсептелген запасы С2 категориясы боюнча 974, 5 миӊ т, калай металлыныкы 11,3 миӊ т.