АТ-БАШЫ КАНАЛЫ
Jump to navigation
Jump to search
АТ-БАШЫ КАНАЛЫ --Кыргыз Республикасынын Кант районундагы ири сугат тармагы. 1937-жылы пайдаланууга берилген. Чүй суусуна курулган Чөмүч плотинасынан башталып, Кант, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун 21 миӊ гадан ашык жерин суу менен камсыз кылат. Каналдын узундугу 43,4 км, андан секундасына 31 м3 суу агат. Каналда 25 гидротехникалык курулуш, 19 суу ченегич, 37 суу бөлүштүргүч, 1 насос станциясы бар.