АСТАФЬЕВ Виктор Петрович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСТАФЬЕВ Виктор Петрович (1. 5. 1924-жыл, Красноярск крайы, Овсянка айылы ‒ 29. 11. 2001-жыл, ошол эле жерде) ‒ орус жазуучусу. Балдар үйүндө тарбияланган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1959‒1961-жылдары Жогорку адабий курста окуган. «Атуул» (1951), «Келерки жазга чейин» (1953), «Ашуу» (1959), Сибирь кыштактары тууралуу курч проблемалуу, тереӊ психологиялык «Уурдоо» (1966), «Койчу жана койчу аял» (1971), «Падыша балык» (1976), балалык жөнүндө автобиографиялык «Акыркы таазим» (1‒2-китеп, 1971‒1979) аттуу аӊгеме жана повесттерди жазган. «Жашоо керек» (1985), «Жайдары жоокер» (1998) повесттеринин жана «Людочка» новелласынын, «Кайгылуу детектив» (1998) романынын, «Өлүмгө наалат» (1‒2-китеп, 1992‒1994) аттуу чыгармалардын автору. Анын чыгармалары Батыш элдеринин тилдерине которулган. СССРдин (1978, 1991) жана Россия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгынын (1995, 2003) лауреаты.

Ж. Медералиева.