АТОМОХ ОД
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ ядролук энергетикалык түзүлмөлүү жарандык кеме же аскер корабли. А-дун ядролук энергетикалык түзүлмөсү бир, эки же үч контурлуу жылуулук схема б-ча иштейт. Жылуулук м-н камсыздоочу ж-а жумушчу нерсе катары суу, суу буусу, суюк металлдар ж-а орг. заттар, газдар, көбүнчө суу-суулуу ядролук реакторлуу эки контурлуу энергетикалык түзүлмө колдонулат. Ал жөнөкөй башкарылат, чайпалууга ж-а дифферентке өтө туруктуу. Мындай көлөмү кичине (компакттуу) ядролук реактор өтө таза уран м-н гана (235U б-ча тазартуу 20‒45 %) иштетилет. Жөнөкөй кемелерге салыштырмалуу суу астында ж-а суу үстүндө, портторго токтобой дүйнө жүзүн кыдырып чыга алат, о. эле муз астында да сүзөт. 1950-ж-да суу астында жүрүүчү кемелер ядролук энергетикалык түзүлмө м-н жабдылып, суу астында 1000 м тереӊдикте, ылдамдыгы 80 км/ска жеткен. Дүйнөдө суу астында жүрүүчү биринчи «Наутилус» атом кемесин америкалык адмирал, инженер-электр механик Хайман Риковер долбоорлоп курган, 1954-ж. сууга түшүрүлгөн. Алгачкы жарандык А. ‒ «Ленин» атомдук муз жаргычы СССРде 1959-ж. курулган. А-ду пайдалануудан алып таштоо ил.-тех. ж-а экон. татаал проблема. Аны чечүүдө кызматкерлердин, реакторду ж-а ядорлук күчтүк түзүлмөнүн башка жабдууларын демонтаждоо учурундагы айлана-чөйрөнүн, жараксыз түйүндөр м-н механизмдер ди таштандыга чыгаруудагы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу керек. Дүйнөдө А-дун саны өсүүдө. Ядролук күчтүк түзүлмөлөр муз жаргычка (ледоколго), жүк ж-а жүк-жүргүнчү ташуучу кемелерге, контейнер ж-а лихтер ташыгычка, буксирге, океанографиялык ж-а ил.-из. кемелерине, суу астындагы кемеге, танкерге коюлат.