АТОМОХ ОД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ ядролук энергетикалык түзүлмөлүү жарандык кеме же аскер корабли. А-дун ядролук энергетикалык түзүлмөсү бир, эки же үч контурлуу жылуулук схема б-ча иштейт. Жылуулук менен камсыздоочу жана жумушчу нерсе катары суу, суу буусу, суюк металлдар жана орг. заттар, газдар, көбүнчө суу-суулуу ядролук реакторлуу эки контурлуу энергетикалык түзүлмө колдонулат. Ал жөнөкөй башкарылат, чайпалууга жана дифферентке өтө туруктуу. Мындай көлөмү кичине (компакттуу) ядролук реактор өтө таза уран менен гана (235U б-ча тазартуу 20‒45 %) иштетилет. Жөнөкөй кемелерге салыштырмалуу суу астында жана суу үстүндө, портторго токтобой дүйнө жүзүн кыдырып чыга алат, о. эле муз астында да сүзөт. 1950-ж-да суу астында жүрүүчү кемелер ядролук энергетикалык түзүлмө менен жабдылып, суу астында 1000 м тереӊдикте, ылдамдыгы 80 км/ска жеткен. Дүйнөдө суу астында жүрүүчү биринчи «Наутилус» атом кемесин америкалык адмирал, инженер-электр механик Хайман Риковер долбоорлоп курган, 1954-ж. сууга түшүрүлгөн. Алгачкы жарандык А. ‒ «Ленин» атомдук муз жаргычы СССРде 1959-ж. курулган. А-ду пайдалануудан алып таштоо ил.-тех. жана экон. татаал проблема. Аны чечүүдө кызматкерлердин, реакторду жана ядорлук күчтүк түзүлмөнүн башка жабдууларын демонтаждоо учурундагы айлана-чөйрөнүн, жараксыз түйүндөр менен механизмдер ди таштандыга чыгаруудагы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу керек. Дүйнөдө А-дун саны өсүүдө. Ядролук күчтүк түзүлмөлөр муз жаргычка (ледоколго), жүк жана жүк-жүргүнчү ташуучу кемелерге, контейнер жана лихтер ташыгычка, буксирге, океанографиялык жана ил.-из. кемелерине, суу астындагы кемеге, танкерге коюлат.