АСАНОВА Үмүт

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:31, 26 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВА Үмүт (2.1.1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бар-Булак айылы) – философ, философия илимдеринин доктору (2002). КМУну 1971-жылы бүтүргөн. КМУнун философия кафедрасынын окутуучусу, КММИнин доценти, КМПУда кафедра башчысы, окумуштуу катчысы, профессору. 1997-жылдан KP УИАнын президиумунун эл аралык бөлүмүнүн башчысы, КММАда кафедра башчысы, 2001-жылдан KP УИАнын президиумуна караштуу эл аралык илимий программа жана стандарт борборунун директору. Кыргызстандын Фулбрайтовчулар ассоциациясынын президенти болуп шайланган (2001-ж.). БГУнун ардактуу профессору (1996). 70тен ашуун илимий эмгектин, анын ичинде I монографиянын автору.
Эмг.: Расизм и семья в мире капитала. Ф., «Кыргызстан» 1987; Исламская философия образования. Б., 2000. Философия образования. Б., 2001.