АЛАМАНОВ Баян

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:23, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМАНОВ Баян (1915, Чүй облусу, Кант району, Бирлик айылы ‒ 1985, Фрунзе) ‒ экономист, экономика илимдеринин доктору (1978). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1932), КПCC Борбордук Комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1951). Жалал-Абад, Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары, Кыргызстандын профсоюздар советинин председатели, Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун директору, Кыргыз ССР ИАнын экономика институтунун сектор башчысы. Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикасы боюнча адис болгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Экономика овцеводства Прииссыкуля. Ф., 1960; Воспроизводства основных фондах в колхозах Киргизской ССР. Ф., 1979.