АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ – Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Арчалы суусунун боюнда. 1982-жылы табылган. Кен Арчалы гипербазит массивинин серпентиниттүү талкаланган зонасында жайгашкан. Зонанын ичинде демантоид щётка жана друза түрүндө кездешет. Жекече кристаллдардын өлчөмү 3 ммге чейин жетет. Демантоиддин өңү ачык жашыл, алмаздай жалтырайт. Тоо тектеги гранаттын өлчөмү 15–25тен 120–150 г/тга жетет. Тунук ачык жашыл түстөгү кристаллдарынын өлчөмү 0,5 г/тны түзөт. Кондициялык демантоиддин болжолдуу ресурсу №6 карьер өткөн участкадагы 5 м тереңдикке чейин 1440 каратты түзөт.