МУСАЕВ Манасбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:37, 29 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

МУСАЕВ Манасбек (24. 4. 1942-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – белгилүү кинооператор, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1979), Кыргыз Республикасынын кинематография академиясынын академиги.

Өмүр таржымалы

Мусаев Манасбек.jpg

Ал чыгармачылык жолун кинодон баштаган эмес, алгач Тянь-Шань облустук китепканасында библиограф болуп иштеген. Ырас, кээде «Соң-Көл» кинотеатрына плакаттарды да жазчу. Кино майданына келген Манасбек Мусаев Фрунзе кинохроникалык-даректүү тасмалар студиясынын хроникалык өнөрканасында студенттик оператор болуп иштөөдөн баштап (1960), жогорку категориядагы көркөм тасмалардын режиссерлугуна чейин жеткен.

Манасбек Мусаев 1962-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырып, аны 1970-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жатып, Москва аскер округунун офицерлер үйүнүн студиясында Советтер Союзунун Баатыры И. Лара тууралуу «Реквием» жана Москванын баатыр коргоочулары жөнүндө «Панфиловчулар» тасмасын тарткан.

Тарткан тасмалары.jpg

1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында иштеп, «Советтик Кыргызстан» жана «Күндүн кабарлары» киножурналдарына аңгемелерди, даректүү тасмаларды, 1972-жылдан тарта 30дан ашык көркөм жана кинохроникалык даректүү тасмаларды тарткан. Бул тасмалардын көпчүлүгү Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болгон.

1997-жылдан баштап М. Мусаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадио, журналистика кафедрасында сабак бере баштаган. Ал эми 2001-жылы «профессор» наамы ыйгарылган. Мусаев Манасбек Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинде да сабак берген. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенет.

Манасбек Мусаевдин сыйлыктарынын арасында «Даңк» медалы (2006), улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» атайын сыйлыгы дагы бар. Ошондой эле М. Мусаев «Фотографиянын негиздери», «Кинооператорлук чеберчилик» окуу китептерин жана «Эсимде калган кинокадрлар», «Айтматовдун ааламындагы фотографиялар» аттуу китептерин басып чыгарган.

Тарткан тасмалары

·        1969 – «Эстөө жана билүү» (даректүү тасма)

·        1970 – «Муке» (даректүү тасма)

Юбилейде.jpg

·        1971 – «Жогорку чыңалуу» (даректүү тасма)

·        1972 – «Ак куулар учуп келишет»

·        1974 – «Сүйүү жаңырыгы» (ТВ)

·        1975 – «Ак кеме»

·        1978 – «Эл арасында»

·        1979 – «Процесс»

·        1981 – «Аялсыз эркектер»

·        1983 – «Бөрү зындан»

·        1985 – «Ай бакшысы»

·        1987 – «Жашы жеткендер үчүн баш калкалоочу жай»

·        1989 – «Кутум»

Ак илбирс сыйлыгы.jpg

·        1993 – «Үмүт менен»

·        1994 – «Жамийла»

·        2005 – «Оргуштаган дарыя, бейпил деңиз»

Кыргыздын мыкты кинооператорлорунун бири, көрүнүктүү кино чебер Манасбек Мусаев татыктуу курагында да китептерин чыгарып, жеке сүрөт көргөзмөлөрүн даярдап, кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларга катышып келет.