АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ– чабуул учурундагы артиллериянын күжүрмөн аракеттеринин жыйындысы. Артиллериялык чабуул согушта артиллериянын, жөө аскерлердин, танкалардын биримдикте аракеттенүүсү менен душмандын коргонуусуна тереңдете үзгүлтүксүз, бир мезгилде сокку уруп жок кылуу максатын көздөйт. Артиллериялык чабуул 3 мезгилге бөлүнөт: чабуулду даярдоо, чабуулду колдоо жана душмандын коргонуусуна тереңдеп кирген жөө аскер менен танкалардын аракетин колдоону камсыз кылуу.