АРПА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРПА (Hordeum) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Анын 30дай түрү бар. Эгилме Арпа морфология-географиялык жана биология-экологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 түргө бөлүнөт: Эгилме, кидик, Эфиопия Арпасы. Ал чачык тамырлуу, сабагы көндөй, 4- 7 муунактуу, бийиктиги 30-35 смден 130-135 смге чейин. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Топ гүлү – кылкандуу машак. Өзү менен өзү чаңдашып, гүлдөө мезгили билинбей өтөт. Чополуу топуракта жакшы өсөт.

АРПА 26.png


Мөмөсү – дан. Биологиялык өзгөчөлүктөрүнө карата жаздык жана күздүк болуп бөлүнөт. Сортуна, эгилген аймагына жараша жаздык Арпанын вегетация мезгили 55-110 күнгө созулат. Күздүгү буудайга караганда суукка байымсыз, ысыкка, кургакчылыкка чыдамдуу. Данында суу, белок, углевод, клетчатка, күл элементтери бар. Дыйканчылыкта көбүнчө эки же андан көп (төрт, алты) кырдуу Арпа эгилет. Данынан акшак, ун даярдалат, ошондой эле баалуу тоют концентраты алынат. Анын данынан алынган продукт (мальцэкстракт) текстиль, кондитер, фармацевтика өндүрүшүндө жана пиво жасоодо колдонулат. Кыргызстанда негизинен жаздык Арпа (Комбайнер, Дружба, Нарын-27, Нутанс-970 ж. б. сорттору) эгилет. Илдеттери: чаңдак кара көсөө, катуу кара көсөө, Арпа даты, тамыр чириги ж. б. Зыянкечтери: данчы коңуз, чегиртке, гессен чымыны, зым сымал курттар ж. б.
Ад.; Трофимовская А. Я. Ячмень. Л., 1972.