АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ атмосфера дагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна ж. б-га байланыштуу. А. ц. ж а л п ы (пассат, муссон, циклон жана антициклон системасында гы агымдар) жана ж е р г и л и к т ү ү (керимсел, желаргы ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Атмосфе ранын жалпы циркуляция процесси өтө татаал жана тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жерг. циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мис., Кырг-ндагы санташ, улан, керимсел жана өрөөндөр менен капчыгайларда болуучу шамалдар.