АРЗЫБАЕВ Атабек Алибекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЗЫБАЕВ Атабек Алибекович (1958-жылы туулган , Ош облусу, Араван району, Жаңы-Абад кыштагы) – экономика илимдеринин доктору (2008). 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУну бүтүргөн. Эмгек жолун КМУда окутуучу, доцент болуп баштаган. Кыргыз керек-жарак коомуна караштуу Кыргыз экономика жана ишкерлер университетинин деканы, проректору; Н. Гумилев атындагы Евроазия улуттук университетинде (Астана шаары) профессор, кафедра башчысы, Ж. Баласагын атындагы КМУда кафедра башчысы, профессор. Арзыбаев 110 илимий эмгек, 7 монография, 3 окуу куралынын автору.