АРЕОПАГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЕОПАГ (гр. Areis pagos – Арео дөбөсү) – Ба­йыркы Афиныдагы бийлик органы. Ал уруулук түзүлүш доорунда келип чыккан жана анын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланышкан. Ареопагдын жыйындары Афиныдагы Арес дөбөсүндө өткөрүлгөндүктөн, ушундайча аталган. Ареопаг ке­ңири саясий, диний, сот жана көзөмөлдөө бийлигине ээ болуп, адегенде аристократиянын, анан олигархиянын тиреги болгон. Афины демократиясынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Эфиальттын реформасынан кийин Ареопагдын бийлиги улам чектелип олтуруп, саясий бийликтен ажыратылган.