АРГЫНДАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРГЫНДАШТЫРУУ – тукум куума касиеттери ар түрдүү организмдерди кайчылаштыруу же кыйыштыруу; өсүмдүк жана жаныбар селекция ыкмаларынын бири. Табияттагы биологиялык формалардын эволюциясындагы негизги фактор болуп эсептелет. Өсүмдүк жана малды чарбалык баалуу белгилери боюнча тандоодо, ошондой эле жаңы порода (сорт) чыгарууда баштапкы материал болуучу гибрид жана метис, чалыш, аргын алуу үчүн, асыл тукум ишинде породаларды жакшыртуу жолу катары же малдын кунардуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Анын түрдүү жолдору бар. Ал тектеш жана тектеш эмес болуп бөлүнөт. Тектеш эмес Аргындаштыруунун түрлөрү: порода аралык (сорт аралык), линия аралык, түпкү тегинен Аргындаштыруу. Мал чарбасында Аргындаштыруу метистештирүү деп аталып, аскания кою, ала-тоо ую, кыргыз уяң жүндүү кою ж. б. породалар чыгарылган. Өсүмдүк жасалма жана табигый жол менен аргындашат. Табигый Аргындаштыруу шамаал, чымын – чиркей ж. б-дын жардамы менен жүрөт. Жасалма Aргындаштырууну адам жүргүзүп, өсүм­дүктүн ар кандай пайдалуу сорттору алынган. к. Гибриддештирүу.