ЧОКОЕВА Рейна Нурманбетовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:16, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ЧОКОЕВА Рейна Нурманбетовна (13. 7. 1938-жыл, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылы) – Советтик жана кыргыз балет артисти, балетмейстер. Кыргыз ССРинин эл артисти (1967), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), профессор (2003).

Без названия.jpg

Рейна Чокоева сахна үчүн жаралгандай эң сонун табигый сулуу, сымбаттуу, укмуштуудай сүйкүмдүү сапаттарга ээ эле. Сахна мейкиндигин башкаруу эркиндиги, техникасынын кынтыксыздыгы, аткаруусунун тазалыгы, таң калыштуу салмаксыздык менен секирүүсү, денесинин кайталангыс пластикасы, бий обонунун экспрессивдүүлүгү, формасы менен композициясынын гармониясы – мунун баары балеринанын талантынын аркасында гана эмес, өзүнө койгон бийик талаптын күчү менен жетишилген.

Өмүр таржымалы

1956-жылдан тартып А. Я. Ваганова атындагы (азыркы А. Я. Ваганова атындагы Орус балет академиясы, педагогу М. Б. Страхова) Ленинград хореографиялык окуу жайын аяктагандан кийин, Рейна Нурманбетовна Чокоева А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын труппасында алдыңкы балет солисти болуп иштеген.

Ал Куба Республикасынын Гавана шаарындагы балет фестивалында, Италиянын, Сириянын, Канаданын, Румыниянын, Чыгыш Германиянын, Чехословакиянын, Швециянын, Даниянын, Монголиянын сахналарында бийлеген.

Автор.jpg

1980-жылдын 1-январында Фрунзе хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалган жана 1986-жылы ал кызматынан кеткен. 1985-жылдан А. В. Луначарский атындагы Россиянын театр искусствосу институтунун (ГИТИС) хореографтар бөлүмүндө окуган. 1990-жылы аны аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына мугалим, балетмейстер болуп ишке орношкон. 1995–2008-жылдары Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп иштеген. Ал балет искусствосунун көрүнүктүү окутуучусу катары көптөгөн алдыңкы бийчилерди, анын ичинде белгилүү сахна чеберлерин тарбиялаган.

Негизги партиялары

Толгонай («Саманчынын жолу», К. Молдобасанов), Чолпон («Чолпон», М. Р. Раухвергер), Зейнеп («Куйручук» К. Молдобасанов менен Г. Окунев), Аврора, Лауренсия, Мария, Китри, Фригия, Мехмене Бану, Никия; Сүйүү жана Жашоо («Өлбөстүк», Н. Нурымов), Асел («Асел», В. Власов), Сари («Күркүрөгөн жол») жана башкалар.

Балерина.jpg

Кыргыз опера жана балет театрында иштеген жылдары Рейна Нурманбетовна Чокоева Дүйнөлүк балет искусствосунун казынасына, Алтын фондуна кирген, бүтүндөй галереяны камтыган ар кыл, татаал жана көп кырдуу жогорку көркөм образдарды жаратты. Алар: Одетта-Одилдин («Ак куу көлү»), Авроранын, ушул эле аталыштагы балеттен Жизелдин («Уйкудагы сулуу»), Фригиянын («Спартак»), Никиянын («La Bayadère»), Мариянын («Бахчисарай фонтаны»), Раймонданын («Раймонда»), Китринин («Дон Кихот»), Чолпондун («Чолпон»), Аселдин («Асель»), Толгонайдын («Саманчынын жолу»), Зейнептин («Куйручук») жана башкалардын образдары.

Рейна Чокоева кыргыз профессионалдык хореографиялык искусствосунун көрүнүктүү жайылтуучусу катары улуттук балетти чет өлкөлөрдө даңазалаган, Советтер Союзунун ар кайсы шаарларында өткөн кыргыз музыкалык искусствосунун декадаларына катышкан.

Наамдары жана сыйлыктары

·       Театр искусствосу боюнча СССР мамлекеттик сыйлыгы (1976).

·       Эмгек Кызыл Туу ордени.

·       «Ардак Белгиси» ордени (1958) – кыргыз искусствосу менен адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги жана Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасында көрсөткөн таланты үчүн.

·       III даражадагы «Манас» ордени (2003) – Кыргызстан мамлекетине жана элине өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн.

·       «Достук» ордени (2003, Россия) – маданият жана искусство тармагындагы орус-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн.

·       Монгол Республикасынын ордени

·       Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (1995).