АРАФАТ ЯСИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАФАТ ЯСИР, Абу А м а р (24. 8. 1929, Иерусалим – 11. 11. 2004, Париж) – мамлекеттик жана саясий ишмер; Палестиналык арабдардын боштондук кыймылынын лидери, Палестина Улуттук кеңешинин төрагасы, Палестина автономиясынын башчысы (1996–2004). Каир университетинде билим алган. Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) негиздөөчүсү жана жетекчиси (1968). 1969-жылдан Палестинаны боштондукка чыгаруу Уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы, 1971-жылдан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы. 1989-жылы Улуттук Советтин сессиясында Палестина мамлекетинин президенти деп жарыяланган. Израилге каршы террордук ыкма менен күрөш жүргүзүүдөн баш тартып, Израиль тарабынан басып алынган араб жерлеринде интифаданы-куралсыз каршылык көрсөтүү кыймылын жарыялаган. Анын жыйынтыгында 1993-жылы Израиль менен Палестина өкмөтүнүн ортосунда тынчтык макулдашуусуна кол коюлган. Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1994).

АРАФАТ ЯСИР 43.png