АРАЛАШ ЭКОНОМИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЭКОНОМИКА– экономиканын мамлекеттик, кооперативдик жана жеке менчик максатка негизделген чарба жүргүзүү системасы. Дүйнөдө Аралаш экономиканын бир нече түрү калыптанган: өнөр жайы өнүккөн АКШ, Улуу Британия,Германия, Япония, Франция сыяктуу мамлекеттер индустриялуу Аралаш экономикага өтүүдө; 2) Чыгыш Европа ж. б. өлкөлөрү мамлекеттик коомдук түзүлүштөн социалдык аралаш коомго айланууда; 3) Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жаңы индустриялык Аралаш экономиканын өнүгүү процесси жүрүүдө жана алардагы капитал наркында мамлекеттик контролдун ийкемдүү формалары, өнөр жай жана анын тармактары өсүп-өнүгүүдө; 4) Латын Америка өлкөлөрүндө менчиктештирүүнүн темпине карабастан мамлекеттик экономикага аралашуу, макротурукташтыруунун пайдалуулугун өнүктүрүп, активдүү социал­дык саясат жүргүзүү үстөмдүк кылууда.
Өнүккөн өлкөлөрдө көп максаттуу Аралаш экономика басымдуулук кылат жана анда жеке, мамлекеттик мен­чик менен катар муниципалдык, кооперативдик ж. б. менчик түрлөрү да өнүккөн. Аталган Аралаш экономика түрлөрүн ишке ашырууда аймактык, улуттук жана жергиликтүү шарттарды, элдин ар түрдүү социалл­дык топторунун мүмкүнчүлүктөрүн жана мүдөөлөрүн эске алуу маанилүү.
Кыргызстанда капиталы бириккен ишканалар, акционердик коомдор бар. Аларда чет элдик жана мамлекеттер аралык менчик түрлөрүндө өнүгүүдө. Аралаш экономиканын максаты – өндүрүш менен байланышта, илимий-техникалык, инвестициялык жана сервистик тармактарда дүйнөлүк коомдоштук курамына кирүү. Алардагы менчик ээлери өзү иштеп жат­кан мамлекеттин мыйзамдарына жана нормативдик актыларына ылайык иш жүргүзүшөт.