АРАЛАШ ТОЮТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ТОЮТ – сиңимдүү заттарга бай кургак тоют аралашмасы. Концентраттык тоют жана кошумча тоют аралашмасынан атайын ре­цепт боюнча жасалат. Аралаш тоют түрдүү биологиялык активдүү заттар кошулуп жасалса, жагымдуу жана даамдуу болуп, аш болумдуулугу 20–30 %ке жогорулайт. Малды керек азык зат менен камсыз кылып, түрдүү ыландан сактайт. Ал жасалышы боюнча үч түргө бөлүнөт: толук рациондуу, аралаш жем жана белоктуу-витаминдүү кошунду. Аралаш тоюттун курамында 5–8 компонент: арпа, буудай, күнжара, жүгөрү, саман-топон, витаминдүү чөп уну, антибиотик, туз ж. б. бар. Ал майда, орточо жана кесек түрүндө болот. Аралаш тоют ун, акшак, бүртүк жана брикет түрүндө даярдалат. Бул тоют мал­дын түрүнө, жашына, чарбалык маанисине, кунардуулугуна жараша өлчөм менен берилет.