АРАЛ кыштагы (Сузак)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кара-Дарыя айыл аймагынын борбо­ру. Райондун борбору Сузак кыштагынан 28 км ба­тыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. Деңиз деңгээлинен 630 м бийиктикте. Кал­кы 6 778 (2022); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, ФАП, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана, байла­ныш түйүнү, техникалык сервис, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.