АРАВАН-САЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАВАН-САЙ – Ноокат жана Араван райондорунун аймактары аркылуу аккан суу. Узундугу 102 км, алабынын аянты 1960 км2. Кичи Алай кырка тоо­сунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башта­лат. Башталышында Гезарт, ортоңку агымында Чили-Сай, Кыргыз-Ата аталат. Шаарихан-Сай каналына куят. Жогорку агымында шар аккан тоо суусу, Ноокат өрөөнүнөн чыккандан кийин (Жаңы-Ноокат кыштагы тушта) шиленди конусту пайда кылып, суунун бир тобу жерге сиңип кетет, бул жерден айрым каналдар башталат. Ноокат ойдуңунда Кыргыз-Ата жана Косчан кошулгандан кийин Кара-Чатыр тоосун кесип өтүп Фергана өрөөнүнөн чыкканда каналдарга бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Кыргыз-Ата, Косчан, Агарт, Ак-Дөбө. Жылдык орточо чыгымы 10,4 м3/сек. Эң чоң чыгымы июнь – июлда, азы март – апрелде байкалат. Майда кире баштап, октябрда тартылат. Боюнда Жа­ңы-Ноокат, Тельман, Косчан, Беш-Мырза, Ара­ван кыштактары жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.