АРАВАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАВАН (арабча арабан – арабдар отурукташкан жер деген мааниде; фарсыча абураван, абу – суу, раван – тунук суу) – Ош облусундагы кыштак. Араван районунун борбору. Алля Анаров атындагы айыл аймагына караштуу Ош шаарынан 30 км батыш тарапта, Араван-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 960 м бийиктикте жайгашкан. 1870-жылга чейин отурукташкан. Калкы 11 421 (2022). Өнөр жай ишканалары: «Ак ниет» (Араван пахта заводу), «Ремснаб», Араван нан заводу. Үч орто мектеп, спорт мектеби, маданият үйү, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда аравандыктардын каражатына жасалган танк эстеликке орнотулган. Кыштакка жакын тарыхый эстелик – Араван аска бетиндеги сүрөттөрү сакталган.