АРАБЕСКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАБЕСКА (итал. arabesko – арабча) – 1) с ү р ө т т ө мусулман өлкөлөрүнүн орто кылым искусствосунда калыптанган оймо-чийменин европалык аталышы.­

АРАБЕСКА 26.png

Геометриялык, өсүмдүк же эпиграф мотивдери улам өнүктүрүлүп, жыш оймо-чийменин бир түрдүү формаларынын улам кайталана бериши менен өзгөчөлөнөт. Арабеска колдонулуп мечиттин дубалы, куполдун беттери кызыл-тазыл кооздолот; 2) м у з ы к а д а – фортепьяно үчүн жазылган обонго бай чакан музыкалык пьеса. Р. Шумандын, Н. Гаденин, А. С. Аренскийдин, А. К. Лядовдун, Н. К. Метнердин, К. Дебюссинин ж. б. арабескалары белгилүү.