АТМОСФЕРАДАГЫ КОНВЕКЦИЯ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ аба көлөмүнүн бийиктик б-ча өйдө-төмөн алмашуусу. Ал атм-дагы темп-ранын айырмасына байланыштуу болуп, жылуу абанын тыгыздыгы айлана-чөйрөсүнө караганда төмөн, болгондуктан, ал эми жогору карай, муздак абаныкы жогору болгондуктан, төмөн карай умтулуу мыйзамы м-н түшүндүрүлөт. Абанын алмашуусу көбүнчө тропосферанын төмөнкү ж-а жогорку катмарларынын ортосунда пайда болот. А. к. жүрүп турган кезде, аба агымынын жер бетинен көтөрүлүүсү байкалат. Андагы абанын көтөрүлүү ылдамдыгы 20 м/сек, кээде андан жогору. Мындай жерлерде чагылгандуу булуттар пайда болуп, нөшөрлүү жамгыр жаайт.