АПОФИЗА
Jump to navigation
Jump to search
АПОФИЗА (гр. apophysis – бутак) – жанаша жаткан тоотектердин арасына магмалык тулкудан бутакча болуп тараган ичке тарамдар. Магмалык тулку менен Апофизанын байланышы түздөн-түз байкалып, курамы боюнча ага тектеш келет, бирок ал майда кристалдуу же порфирлүү структуралык түзүлүштөрү менен айырмаланат. Негизги кенташ тарамдарынан тараган майда тарамчалар да кээде Апофиза деп аталат.