АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР, а п о с т о л и к т е р – 13-кылымдын экинчи жарымы – 14-кылымдын башында Түндүк Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы. Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме шаарында 1260-жылы негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына жана католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга жана теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-жылы Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабы­нан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-жылы Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-жылы Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар жана плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-жылы басылып, башчысы өлтүрүлгөн. Апостолдук бир туугандар Италия, Фран­ция, Испания жана Германияда өз идеяларын 15-кылымга чейин үгүттөөнү улантышкан.
Б. Солтонбеков.