АПОСТОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПОСТОЛДОР (гр. apostolos – элчи) – алгачкы христиан адабиятында христиан дининин үгүттөөчүлөрү; «Жаңы осуят» боюнча 12 Апостол Иисус Христостун эң жакын жолдоочулары (окуучулары).«Жаңы осуятта» көпчүлүк учурларда Иисус Христостун 12 окуучусу жана апостол Павелдин ысмы аталат. Павелдин дин илиминде жана Евангелияда Апостолдордун кызматынын маани-маңызы берилген. Анда апостол – Кудайдын Иисус Христос аркылуу жиберилген өкүлү. Апостолдук кызмат биринчи кезекте үгүт жүргүзүү, сыйынуу ырым-жырымдарын аткаруу. Еврей элинин 12 муунун негиздөөчү Иаковдун уулдары сымал Апостолдор чиркөөнүн башында туруп, ал эми чиркөө жаңы эсхатологиялык Израилдин борбору болушу керек,-деп белгиленген. Апостолдор Евангелия ж. б. дин адабияттарында Петрдан башталып, Филипп жана Иаков Ал­феев, Андрей, Иаков Зеведеев жана анын бир тууганы Иоанн, Варфоломей, Фома, Матфей ж. б. аталат. Б. з. ч. 2-кылымда Евангелияны үгүттөп, жер кезип жүргөндөр да жалпысынан Апостолдор деп аталган. Чиркөөдө дин үгүтүн жүргүзүп, кызмат кылгандар учурда да Апостолдорго тең катар айтылат. Мисалы, Грузиянын агартуучусу Нина, улуу князь Вла­димир, ыйык Николай Японский ж. б.