АПОРТ
Jump to navigation
Jump to search
АПОРТ – алманын кеч бышуучу эң байыркы сорту. Мөмөсү өтө чоң, салмагы 200-400 г, кээ бири 800 г, даамы кычкыл таттуу. Ал кышка чыдамдуу, ар бир дарактан 200-400 кг түшүм алынат. Мөмөсүнөн как жана повидло жасалат. Россия, Казакстан, Украинада өстүрүлөт. Кыргызстанда Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүндө Алекксандр, Кызыл Апорт кеңири таралган.